Эскертүү
• Philips Avent сүт жылыр замат балаңызга берүүңүздү сунуштайт. Сүт муздагандан кийин аны
кайра ысытпоону сунуштайбыз.
• Балага берерден мурун дайыма температурасын текшериңиз.
4
Бөтөлкө/контейнер бөтөлкө жылыткычтан алынганда, баскычты кайра
«өчүрүү» абалына бураңыз.
Бөтөлкө жылыткычты эритүү жөндөөсү менен колдонуу
1
Шаймандын ачакейин розеткага сайыңыз. Бөтөлкөнү же контейнерди
бөтөлкө жылыткычка коюңуз.
2
Бөтөлкө жылыткычты бөтөлкөдөгү/контейнердеги сүттүн/бөбөк тамагынын
деңгээлине чейин ичүүчү суу менен толтуруңуз. Сүт/бөбөк тамагы көп
болгон учурда, суунун максималдуу деңгээли бөтөлкө жылыткычтын үстүңкү
жагынан болжол менен 1 см төмөн болушу керек.
- Кыргызча 97 -