Download Print this page

Philips AVENT SCF870 Manual page 138

Hide thumbs Also See for AVENT SCF870:

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
- Буулоо учурунда жана капкагын ачып жатканда идиштен
чыккан буудан абайлаңыз.
- Суу челегин толтуруучу көзөнөктүн капкагын ачып
жатканда андан чыгып жаткан ысык буудан абайлаңыз.
- Буулоо процесси бүткөндөн кийин, ысык буу мотор
блогундагы буу чыгуучу жерден жана идиштин
капкагындагы буу тешигинен бир нече убакытка чейин
чыга берет. Идишти мотор блогунан алып жатканда этият
болуңуз.
- Шайманды туура эмес колдонсо, суу толтуруучу көзөнөктөн
ысык буу чыгышы мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн же чечүү
үчүн, "Мүчүлүштүктөрдү жоюу" бөлүмүн караңыз.
- Шаймандын кароосуз иштешине эч качан жол бербеңиз.
- Мотор блогун оңдоо же тазалоо процесстерин жүргүзүү
үчүн чечпеңиз. Аны оңдотуу үчүн Philips уруксат берген
тейлөө борборуна алып барыңыз.
Эскертүү
- Эч качан башка өндүрүүчүлөрдүн же Philips компаниясы
атайын сунуштабаган аксессуарларды же бөлүктөрдү
колдонбоңуз. Эгерде сиз мындай аксессуарларды же
тетиктерди колдонсоңуз, анда сиздин кепилдигиңиз
жараксыз болуп эсептелинет.
- Шайманды күйүп турган же муздай элек мештин же
плитанын үстүнө же жанына койбоңуз.
- Тазалоодон мурда шайманды сөзсүз түрдө сууруп,
муздатып коюңуз.
- Шаймандын идишин же башка бөлүгүн эч качан
микротолкундуу меште колдонбоңуз, анткени идиштин
кармагычынын жана бычак блогунун темир бөлүктөрү
мындай колдонууга ылайыктуу эмес.
- Кыргызча 136 -

Hide quick links:

Advertisement

loading

This manual is also suitable for:

Avent scf870/20