Download Print this page

Суу Челегин Кебээрден Тазалоо - Philips AVENT SCF870 Manual

Hide thumbs Also See for AVENT SCF870:

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Суу челегин кебээрден тазалоо
Эгер тамактын калдыктары суу резервуарына кирип кетсе, алар кийинки буулоо
процесстеринде суу резервуарындагы ысытуучу элементке тыгылып калышы мүмкүн.
Калдыктарды суу челегин чайкап эле кетирүүгө болбойт.
Ага кошумча, шаймандын 100% натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн, сиз аны ар
бир төрт жумада кебээрден тазалап турушуңуз керек. Кебээрдин чогулушун азайтуу
үчүн, шайманда алдын ала кайнатылган же чыпкаланган сууну колдонуу жакшыраак.
Суу резервуарынын ичиндеги тамак калдыктарын жана шаймандагы кебээрди
тазалоо үчүн төмөндөгү кебээрди кетирүү боюнча нускамаларды аткарыңыз.
1
Шайман өчкөнүн текшериңиз.
2
50 ml ак уксусту (8% уксус кислотасын) 150 ml сууга кошуңуз.
Эскертүү: Ошондой эле лимон кислотасына негизделген кебээрди кетирүүчү
каражаттарды колдонсоңуз болот. Кебээр кетирүүчү башка каражаттарды
колдонбоңуз.
3
Суу резервуарын уксус (же лимон кислотасы) жана суу эритмеси менен
толтуруңуз.
4
Куюучу тешиктин капкагын жабыңыз.
5
Бычак блогу менен капкагы толук чогултулган бош кумураны (ичинде эч
кандай тамак-ашы жок) мотор блогундагы буулоо абалына (б.а. капкагын
ылдый каратып) коюңуз.
6
Башкаруу бурама баскычын буулоо абалына бураңыз.
» Шайман буулап жатканын билдирүү үчүн, буулоо жарыгы кызгылт сары болуп
күйөт.
7
Буулагандан кийин шайманды 5–6 мүнөттөн кийин өчүрүп, андан соң
розеткадан сууруңуз.
8
Колдонулган уксустун эритмесин (8% уксус кислотасы) жана резервуардагы
сууну төгүңүз.
9
Суу резервуарын жана кумураны таза суу менен бир нече жолу жакшылап
чайкаңыз.
10
Резервуарга 200 ml сууну толтуруңуз жана шайманды тамак менен кайра
колдонуудан мурун бош кумура менен 20 мүнөттүк буулоо процессин
бүтүрүңүз.
11
Бактериялардын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн куюу тешигинин капкагын
ачык калтырыңыз.
- Кыргызча 154 -

Hide quick links:

Advertisement

loading

This manual is also suitable for:

Avent scf870/20