Download Print this page

Киришүү - Philips AVENT SCF870 Manual

Hide thumbs Also See for AVENT SCF870:

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
- Байма-бай кебээрден тазалап туруу шаймандын
бузулушунун алдын алат.
- Аксессуарларды алмаштыруунун же колдонууда кыймылдап
жаткан бөлүктөрүн кармоонун алдында шайманды өчүрүп,
токтон ажыратып коюңуз.
- Идишти бошотуп жатканда жана тазалоо учурунда курч
бычактарды кармаганда этият болуңуз.
- Кароосуз калган болсо, шайманды сөзсүз электр тогунан
сууруп коюңуз.
- Жаш балдарга шайманды тазалоого же техникалык тейлөө
иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
- Ызы-чуу деңгээли: Lc= 89 дБ(A).
Коопсуздук системасы
Шайман камтылган коопсуздук кулпусу менен жабдылган. Шайман бардык бөлүктөрү
мотор блогуна туура куралган болсо гана иштейт. Эгер бардык бөлүктөрү туура
куралса, камтылган коопсуздук кулпусу ачылат.
Шайман ошондой эле ашыкча ысып кетүүдөн коргоо менен жабдылган. Эки буулоо
процессинин ортосундагы убакыт өтө кыска болсо, аралаштыруу функциясы көпкө
созулса же идиште өтө көп ингредиенттер болсо, ашыкча ысып кетүү орун алышы
мүмкүн. Эгер ашыкча ысып кетүүдөн коргоо функциясы колдонуу учурунда шайманды
өчүрүп салса, башкаруу буроосун 0го коюп, шайманды бир нече мүнөткө чейин
муздатыңыз. Андан соң, шайманды кайра колдоно берсеңиз болот.
Электромагниттик талаалар (ЭМТ)
Бул Philips шайманы электромагниттик талаа боюнча күчүндөгү стандарттардын жана
эрежелердин баарына жооп берет.
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips Avent'ке кош келиңиз! Philips Avent
сунуштаган колдоону толук пайдалануу үчүн өнүмүңүздү баракчасынан каттоодон
www.philips.com/welcome
өткөрүңүз
Бул айкалыштырылган буулагыч жана блендер баланын тамагын кичинеден
даярдоого өзгөчө ылайыктуу. Айкалыштырылган буулагыч жана блендер бир
шайманда жөнөкөй буулоо жана аралаштыруу функциясы менен бардык ата-
энелерге балдарына жаңы тамактарды даярдоодо жардам берет.
- Кыргызча 139 -

Hide quick links:

Advertisement

loading

This manual is also suitable for:

Avent scf870/20