Коопсуздук тутумдары
Колдонуу учурунда коопсуздугуңузду сактоо үчүн, бул шайман камтылган коопсуздук
кулпусу менен жабдылган. Бул шайман бардык бөлүктөрү туура куралган болсо гана
иштейт. Бардык бөлүктөрдү туура куроо камтылган коопсуздук кулпусун ачат.
Бул шайман ошондой эле ашыкча ысып кетүүдөн коргоочу токтотуу функциясы менен
жабдылган. Эки буулоо циклинин ортосундагы убакыт өтө кыска болсо, ашыкча ысып
кетүү орун алышы мүмкүн. Эгер буулоо учурунда шаймандын ашыкча ысып кетүүдөн
коргоочу токтотуу функциясы иштесе, башкаруу буралма баскычын өчүк (OFF)
абалына бурап, шайманды бир нече мүнөткө муздатыңыз. Андан соң, шайманды
кайра колдоно берсеңиз болот.
Электромагниттик талаалар (ЭМТ)
Бул Philips шайманы электромагниттик талаа боюнча күчүндөгү стандарттардын жана
эрежелердин баарына жооп берет.
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips Avent'ке кош келиңиз! Philips Avent
www.philips.com/welcome
сунуштаган колдоону толук пайдалануу үчүн өнүмүңүздү
баракчасынан каттоодон өткөрүңүз.
Бул 4-1 пайдалуу бала тамагын жасоочу машина буулоо жана аралаштыруу
функциялары бир шайманда болуу менен бардык ата-энелерге ымыркайларга
тоюмдуу тамактарды даярдоого жардам берет. Бала тамагын жасоочу машинаны
баланын тамагын эритүү жана жылытуу үчүн да колдоно аласыз.
- Кыргызча 189 -